Ата Мекен

«Ата-Мекен» саясий партиясы Кыргыз Республикасындагы бай тарыхы бар саналуу партиялардын бири. Лидери жана негиздөөчүсү - Өмүрбек Текебаев. Партия 2007-жылы парламенттик шайлоого катышып, ири ийгиликти жаратканына карабай Жогорку Кеӊештин ал жолку чакырылышынын курамына кирбей калган. Себеби, добуштар бурмаланып, президент Курманбек Бакиевдин администрациясы Ө.Текебаевдин партиясынын парламентте болушун каалаган эмес. 2010-жылдагы апрель окуяларынын шарапаты менен көп мандатка ээ болууну көздөгөнү менен «Ата-Мекен» 6-чакырылышта эӊ аз мандан алган 6 партиянын бири. Жогорку Кеӊештеги фракция башчысы – Алманбет Шыкмаматов. Партия 2019-жылдын 27-апрелинде камакта жаткан лидери Өмүрбек Текебаевдин боштондукка чыгышын талап кылып Жогорку соттун алдында митинг өткөрдү. Ал эми 3-майда Жогорку сот Ө.Текебаев менен анын эӊ жакын шакирттеринин бири Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап, камакта жаткан мөөнөттүрүн кыскарткан жок жана конфицкацияга жаткан айрым аларга тиешелүү мүлктөрүн өзүнө калтырды. Соттун мындай чечими «ата-мекенчилерди» нааразы кылды, А.Шыкмаматов жана Н.Никитенко сот системасы дагы эле болсо реформаланбай, Ө.Текебаевдин абакта жатканы кайсы бир саясий топторго ыӊгайлуу экенин билдиришти.

No Content Available

Войдите в свой аккаунт ниже

Заполните формы ниже, чтобы зарегистрироваться

Восстановите ваш пароль

Пожалуйста, введите ваше имя пользователя или адрес электронной почты, чтобы сбросить пароль.