Эмгек

«Эмгек» саясий партиясы - Кыргызстандагы саясий партиялардын бири. Партиянын уюштуруу съезди 2011-жылы 11-апрелде болгон, мамлекеттик каттоодон 2011-жылы 20-майда өткөн. 2013-жылы 29-октябрда «Эмгек» саясий партиясынын II курултайы болуп, партиянын төрагалыгына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бир нече чакырылыштарынын депутаты, мамлекеттик жана коомдук ишмер, белгилүү меценат Аскар Салымбеков шайланган. Съездде партиянын Саясий Кеңеши түзүлүп, анын курамына А.К.Абдраев, К.Т.Айдаров, А.А.Акунов, А.А.Акматалиев, Д.Т.Долоталиева, Б.А.Досалиева, И.К.Жунусов, А.А.Исаев, Кадыр уулу Султанбек, К.К.Кускаков, Д.А.Муладжанов, А.М.Муралиев, И.М., С.В.Пономарев, А.М.Салымбеков, Э.К.Сатылганов, Р.Б.Тагаев, М.Тиллебаев, А.А.Турсункулов, В.Н.Хан бекитилген. Съезд партиянын саясатын коомго жеткирүү жана ишмердигин ырааттуу жүргүзүү максатында Саясий Кеңештин алдында аксакалдардын «Акыл Ордо», аялдардын «Айым Ордо» жана жаштардын «Акыл Тирек» кеңештерин түзгөн. Партиянын «Улут намысы» аттуу программасы кабыл алынган. «Эмгек» саясий партиясынын негизги максаты катары - өнүккөн жана коопсуз Кыргызстанды түзүү, базар мамилелерине негизделген эффективдүү, социалдык багытталган экономиканы өнүктүрүү, саясий стабилдүүлүктү чындоо, укуктук тартипти бекемдөө, социалдык адилеттүүлүктү камсыздоо жана саясий элитанын билимдүү жана маданияттуу жаңы муунун даярдоо сыяктуу коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрү боюнча приоритеттер көрсөтүлгөн. 2014-жылдын ноябрына карата «Эмгек» партиясынын республиканын бардык облустарында, райондору менен шаарларында уюмдары түзүлүп, кеңселер ачылып, аларда атайын кызмат орундары уюштурулуп, партиянын идеяларын элдин кеңири катмарына таратуу багытында иштерди жүргүзүүдө. Партиянын баштапкы уюмдары айылдардын 80%га жакынын камтып, партиянын мүчөлүгүнө 45 минден ашык адамдар кабыл алынып, аларга бирдей үлгүдөгү катар номерлери коюлуп, мөөр басылган мүчөлүк билеттер берилген. "Эмгек" 2015-жылы "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен биригип парламенттик шайлоого катышкан, бирок, жеңишке жеткен эмес.

No Content Available

Войдите в свой аккаунт ниже

Заполните формы ниже, чтобы зарегистрироваться

Восстановите ваш пароль

Пожалуйста, введите ваше имя пользователя или адрес электронной почты, чтобы сбросить пароль.