Республика

«Республика» саясий партиясы 2010-жылы жай айларында калыптанып, ошол күздөгү парламенттик шайлоодо ири жеӊишке жеткен саясий уюмдардын бири. Лидери - Өмүрбек Бабанов. 5-чакырылышта «Республиканын» курамында Ө.Бабановдон тышкары Ш.Абдыкеримов, К.Исаев, А.Турдубаев, Б.Төрөбаев, А.Батырбеков сыяктуу бир катар саясатчылар депутат болуп келишкен. Партия башкаруучу коалицияга мүчө болуп кирип, Ө.Бабанов Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына шайланган. Кийин аны кулатуу максатында коалиция тарап, ал эми «Республиканын» ичинде ажырым пайда болгон. Анын натыйжасында 2015-жылга карата «Республикадан» шайланган депутаттар түзгөн бир катар жаӊы партиялар пайда болду, алар: «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Бир бол». «Республиканын» өзү болсо «Ата-Журт» партиясы менен биригип, «Республика-Ата-Журт» партиясы катары шайлоого катышты. Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын күзүндөгү президенттик шайлоого катышып, жарым миллиондон ашуун шайлоочулардын добушуна арзып, Сооронбай Жээнбековдон кийинки 2-орунду камсыздаган. Ага шайлоо маалында улуттар аралык мамилеге доо кетирди деген берене менен кылмыш иши козголгон. Ошондон кийин ал Кыргызстанга кайтып келе элек. Өмүрбек Бабанов азыркы тапта Москва шаарында жашайт.

No Content Available

Войдите в свой аккаунт ниже

Заполните формы ниже, чтобы зарегистрироваться

Восстановите ваш пароль

Пожалуйста, введите ваше имя пользователя или адрес электронной почты, чтобы сбросить пароль.