Кыргызстан

«Кыргызстан» саясий партиясы 2015-жылдагы парламенттин шайлоо алдында калыптанып, дароо ийгиликке жеткен жаш партиялардын бири. Негиздөөчүсү – Шаршенбек Абдыкеримов Партиянын төрагасы – Канат Исаев Партиянын Жогорку Кеӊештеги фракциясынын башчысы – Алмазбек Батырбеков Партия Жогорку Кеӊештин 6-чакырылышында 18 орунга ээ. Шаршенбек Абдыкеримов көп тармактуу «АЮ Холдинг» ассоциациясынын негиздөөчүсү жана президенти. Партияга анын пикирлештери топтолгон. Ага карабай мурдагы президент А.Атамбаевдин башкаруусу маалында Канат Исаев Конституцияга өзгөртүүнүн киришин жана «КСДП партиясынын үстөмдүгүн» сынга алган. Кийин анын үстүнөн ал Токмок шаарын жетектеп тургандагы иштерине байланыштуу кылмыш иши козголуп, камакка алынган. К.Исаев С.Жээнбеков президент болуп шайлангандан кийин жана анын мамилеси А.Атамбаев менен оорлошкондон кийин абактан бошотулган. «Кыргызстан» партиясы парламенттен тышкары жергиликтүү кеӊештердеги айрым шайлоолордо дагы ийгиликке жетишкен.

No Content Available

Войдите в свой аккаунт ниже

Заполните формы ниже, чтобы зарегистрироваться

Восстановите ваш пароль

Пожалуйста, введите ваше имя пользователя или адрес электронной почты, чтобы сбросить пароль.