Замандаш

«Замандаш» саясий партиясы 2007-жылы түзүлгөн. Анын түптөлүшүнө кыргыздын мыкты уулдарынын бири, маркум Мухтарбек Өмүракуновдун салымы зор. Ал алгач 2003-жылы чет мамлекеттерде иштеген кыргызстандыктардын «Замандаш» биримдигин – коомдук фондун түзүп, ага кыргыздын четтеги мыкты уул-кыздарын бириктире алган. «Замандаштын» таасири артып, ал бара-бара саясий күчкө айланган. 2010-жылдын күзүндө өткөн парламенттик шайлоодо партия 3,82% добуш топтогон, бирок, мандатка ээ болгон эмес. Анын бир себеби – партиянын негизги мүчөлөрү, электораты жашаган Россиянын шаарларындагы кыргызстандыктар добуш берүүгө катышы алышкан эмес. Мухтарбек Өмүракунов 2011-жылы 30-апрелде Кубада эс алып жүргөндө кырсыктан каза тапкан. Партияны андан кийин анын бир тууганы Эмил Өмүракунов, Сапарбек Асанов, Чынара Шейшекеева башкарышты. 2018-жылдын 17-мартында партиянын XII сьезди өтүп, анда партияны бир нече төрага эмес, бир гана адам жетектөө принциби киргизилген жана ошол эле күнү Жеӊиш Молдакматов партиянын төрагасы болуп шайланган. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого партия дыкат даярдык көрүп жатканы белгилүү.

No Content Available

Войдите в свой аккаунт ниже

Заполните формы ниже, чтобы зарегистрироваться

Восстановите ваш пароль

Пожалуйста, введите ваше имя пользователя или адрес электронной почты, чтобы сбросить пароль.