Бүтүн Кыргызстан

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүсү жана лидери – Адахан Мадумаров. Партия 2010-жылдын күзүндө өткөн парламенттик шайлоодо жакшы көрсөткүчтөргө жетишкенине карабай, талаптагы сандагы добуштар жетпей калганына байланыштуу 5-чакырылышка кирген эмес. Адахан Мадумаров Жогорку Кеӊештин бул курамын (6-чакырылышты) кескин сынга алып, «аукцион» аркылуу шайланып келген депутаттарды сыйлабайм, аларга үмүтүм жок, деген пикирин ачык билдирген. 2015-жылы «Бүтүн Кыргызстан» партиясы «Эмгек» партиясы менен биригип, «Бүтүн Кыргызстан-Эмгек» деген тандемде шайлоого катышкан. Бирок, мандат алууга жете тургандай добуш топтой алышкан эмес. Партиянын позициясы Баткен облусунда жана Россиядагы мигранттар арасында салмактуу. Адахан Мадумаровдун өзү жүз миӊдеген кыргыз жарандарын тандоого катыштырбай койгону үчүн бийликти жана азыркы шайлоо системасын кескин сынга алып келатат. А.Мадумаров 2011-жылдын күзүндө өткөн президенттик шайлоого катышып, Алмазбек Атамбаевден кийинки 2-орунду камсыздаган. Адахан Мадумаров 2017-жылдын октябрында президенттик шайлоого да катышып, бийликке ачык каршы чыккан талапкерлердин бири болду.

No Content Available

Войдите в свой аккаунт ниже

Заполните формы ниже, чтобы зарегистрироваться

Восстановите ваш пароль

Пожалуйста, введите ваше имя пользователя или адрес электронной почты, чтобы сбросить пароль.