Бир бол

Жогорку Кеӊештин 6-чакырылышына түзүлгөнүнө аз убакыт болгонуна карабай шайланып келген партиялардын бири – «Бир бол». Лидери жана Жогорку Кеӊештеги фракциянын башчысы – Алтынбек Сулайманов. «Бир бол» партиясынын катарында мурдагы премьер-министрлер Кубанычбек Жумалиев, Игорь Чудинов, министрлер Акылбек Жапаров, Бакирдин Субанкулов баштаган Кыргызстандын акчалуу саясатчылары топтолгон. Алардын катарында тажрыйбалуу саясатчы, мурдагы Башкы прокурор, мурдагы Президенттик администрациянын башчысынын орун басары Мыктыбек Абдылдаев бар. Бул партияга кошулуп, шайланып келгендердин катарында белгилүү юрист, укук коргоочу Чолпон Жакупова болгон, бирок, ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Конституцияга өзгөртүү киргизүүсүнө нааразычылыгын билдирип, мандатын таштап кеткен. «Бир бол» партиясынын кыска аралыкта ийгиликке жетишине азыркы Президенттин администрация башчысы Досалы Эсеналиевдин салымы бардыгы айтылып келет.

No Content Available

Войдите в свой аккаунт ниже

Заполните формы ниже, чтобы зарегистрироваться

Восстановите ваш пароль

Пожалуйста, введите ваше имя пользователя или адрес электронной почты, чтобы сбросить пароль.