Ар-Намыс

«Ар-Намыс» саясий партиясын мурдагы өкмөт башчысы Феликс Кулов түзгөн. Анын бай тарыхы бар. Себеби, Феликс Кулов мурдагы президент Аскар Акаев менен мамилеси бузулгандан кийин саясатка баш-оту менен кирип, саясий уюм түптөгөн. Анын аркасында партия менен катар Ф.Кулов саясатта алдыӊкы саптарда келатат. Партия Ооганстанда кызмат өтөгөндөрдүн партиясы менен биригип, 2010-жылдын күзүндөгү шайлоого ийгиликтүү катышып, бир нече депутаттык мандатка ээ болгон. Ал ирет тизмеге Ф.Куловдон тышкары Акылбек Жапаров, Каныбек Осмоналиев, Анарбек Калмаматов, Каныбек Иманалиев, Кожоюек Рыспаев, Камила Талиева сыяктуу бир катар саясатчылар мандат алган. Ири финансылык колдоодон тышкары «Ар-Намыска» Орусиянын жетекчилигинин көзү түздүгү кыска аралыкта ийгиликке жетишине шарт түзгөн. Кийин парламенттеги «Ар-Намыс» фракциясы экиге бөлүнүп, анын бир тарабы президенттик администрация менен соодалашууга барган. Анын аркасында Камила Талиева мандатын тапшырып, вице-премьер-министр кызматын, кийин маданият министри ордун аркалаган. Партиянын бир бөлүгү (К.Рыспаев) КСДП партиясына кошулса, бир бөлүгү (К.Иманалиев) «Ата-Мекен» партиясы аркылуу 2015-жылы парламентке келди.

No Content Available

Войдите в свой аккаунт ниже

Заполните формы ниже, чтобы зарегистрироваться

Восстановите ваш пароль

Пожалуйста, введите ваше имя пользователя или адрес электронной почты, чтобы сбросить пароль.