Азаттык

«Азаттык» партиясын Кыргыз Республикасынын мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков жана ага идеялаш, санаалаш саясатчылар түптөгөн. Партия 2015-жылдын 4-октябрына белгиленген парламенттик шайлоого катышкан. Тизмеге И.Исаковдон тышкары мурдагы Башкы прокурор Азимбек Бекназаров, мурдагы Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов, мурдагы депутат Бөдөш Мамырова, мурдагы министрлер Мамбетжунус Абылов, Равшан Сабиров, экс омбудсмен Турсунбай Бакир уулу кирген. 2015-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын «Азаттык» партиясы тааныбай тургандыгын айтып, өнөктүк одоно мыйзам бузуулар менен өткөнүн жарыялаган билдирүү тараткан. Анда шайлоодо акча таратуу, административдик ресурс болуп көрбөгөндөй колдонулганын билдирип, буга СДПКны ачык колдогон президент да күнөөлүү экенин ачыктаган болчу.

No Content Available

Войдите в свой аккаунт ниже

Заполните формы ниже, чтобы зарегистрироваться

Восстановите ваш пароль

Пожалуйста, введите ваше имя пользователя или адрес электронной почты, чтобы сбросить пароль.