Воскресенье, Апрель 11, 2021
12 °c
Bishkek
  • Биз тууралу
  • Жарнама
  • Байланыш
2020
  • Партиялар
    • Азаттык
    • Ак Шумкар
    • Ар-Намыс
    • Ата Мекен
    • Бир бол
    • Бүтүн Кыргызстан
    • Замандаш
    • Кыргызстан
    • Мекен Ынтымагы
    • Өнүгүү-прогресс
    • Республика — Ата Журт
    • Улуу Кыргызстан
    • Эмгек
    • СДПК
  • Долбоорлор
    • ВЫБОРЫ
    • Аналитика
    • Добуш беруу
    • Кара тизме
    • Коомдук пикир
    • Саясат
    • Кыл чайнашкан округдар
    • Окуялар
    • Партиялык турмуш
  • Рейтинг
  • Сурамжылоо
  • Кыргызстан
    • Президент
    • Мыйзам
Ничего не найдено
Посмотреть все результаты
2020
Ничего не найдено
Посмотреть все результаты
Башкы бет Аналитика

Элира Турдубаева: «WhatsApp аркылуу окутуу — аралыктан окутуунун формасына кирбейт»

21.08.2020
в Аналитика
1 минут на чтение
0
Элира Турдубаева: «WhatsApp аркылуу окутуу — аралыктан окутуунун формасына кирбейт»
1.4k
Бөлүшкөндөр
3.8k
Окугандар
FacebookTwitterWhatsAppEmail

Жаңы окуу жылына эки аптадай гана убакыт калды. Билим берүү министрлиги учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга ылайык жаңы окуу жылы онлайн болорун айтты. Министрлик мектептердин, ЖОЖдордун жаңы окуу жылына даяр экендигин айтууда. Жаңы окуу жылына мектептер, ЖОЖдор канчалык даяр? Учурдагы билим берүү жаатындагы көйгөйлөр, онлайн окутуу маселелери боюнча “Онлайн университет” платформасынын негиздөөчүсү Элира Турдубаева менен маектештик.

Пандемия учурунда мугалимдердин санариптик сабаттуулугун жогорулатуу максатында «Онлайн университет» платформасын негиздедиңиз. Мугалимдер жана студенттер канчалык деңгээлде жаңы окуу жылына даяр деген пикирдесиз?

Новостипо теме

«Түркмөнстандан ашып түштү»: Жарандык коомдун каршылыгы

«Түркмөнстандан ашып түштү»: Жарандык коомдун каршылыгы

20.11.2020
3.3k
«У каждого было около 200 аккаунтов в соцсетях». Как устроены «фабрики троллей» в Кыргызстане

«У каждого было около 200 аккаунтов в соцсетях». Как устроены «фабрики троллей» в Кыргызстане

19.11.2020
3.3k

Жаңы окуу жылына студенттер да, мугалимдер да жетиштүү деңгээлде даяр эмес. Себеби жай мезгилинде бул багытта тренингдерди өткөрүш керек эле. Алар болгон жок. 15-августтан тарта тренингдер башталды. Эми гана окутуулар өткөрүлүп жатат. Бул абдан кеч. Себеби 10 күндөн кийин жаңы окуу жылы башталат. 10 күндө мугалимдер да, студенттер да эмнени үйрөнө алмак эле. “Онлайн университет” платформасы 8-майдан бери Кыргызстандын ЖОЖдору, мектептери, колледждеринин мугалимдерине онлайн окутуу усулдары боюнча окутууларды өткөрүп келебиз. Жалпы 75 вебинар өттүк. 5 миңден ашык мугалимди окуттук. Ютубга чыгарылган бардык вебинарларыбыз акысыз. Ютуб каналдан 30 миңден ашык көрүүлөр болду. Бирок Кыргызстанда 80 миңден ашык мугалим бар. 64 жогорку окуу жайында 5 миңге жакын мугалим бар. Ошондуктан 100 миңге жакын мугалимди кантип окутабыз деген суроо жаралып жатат. Бул деген абдан көп. Ошондуктан мугалимдерди июнь, июль жана август айында окутушубуз керек эле. ЖОЖ, мектеп жетекчилери пландаштырып окутуу усулдарын үйрөтүшү керек эле. «Онлайн университет» платформасы мугалимдер арасында сурамжылоо жүргүздүк. Изилдөөнүн жыйынтыгы, 69% мугалимдердин вотсап платформасы аркылуу сабак өтөрүн көрсөттү. Вотсап аркылуу онлайн окуу болбойт. Онлайн окуу бул таптакыр башка. Мектептеги мугалимдер менен сүйлөшсөк, алар онлайн окутуу боюнча колдонмо усулдук китептердин, көрсөтмө багыт берүүчү китепчелердин жетишсиз экендигин айтышууда.

Коомчулукта онлайн окутуу менен дистанттык окутуу бир түшүнүк катары каралып келет. Айырмасын айта кетсеңиз?

Онлайн окутуу бул жандуу, түз ободо студенттер менен баарлашып сабак өтүү. Ал эми дистанттык окутуу таптакыр башка. Мында мугалимдер алдын-ала сабактын материалдарын, мазмунун даярдап модуль платформага чыгарып коюшат. Окуучу, студенттердин электрондук почтасына жиберип коюшат. Дистанттык окутууда жандуу байланыш жок.  Ал жакта кайтарым байланыш да жакшы эмес. Студенттерге менторлук кылуу, суроолоруна жооп берүү өтө жакшы камсыз болбойт.

Учурда окуучуларга, студенттерге кантип аралыктан окутууну сапаттуу камсыздай алабыз?

Биринчиден, бул окуу жай жана мектеп кайсы онлайн окутуу платформасын колдонот ошого көз каранды. Алгач онлайн окутуу системасын тактап алыш керек. Бул окутууну башкаруу системасы “Learning Management System” деп коюшат.  Булар Google Classroom, Zoom, Microsoft Stream болушу мүмкүн. Белгилүү бир платформаны тандап, аны өздөштүү керек. Студенттер да окутулушу керек. Мисалы, Кыргызстандагы түрк лицейлеринде “EduPage” деген окутуу системасын колдонушат. Ал эми мамлекеттик мектептерде андай жок. Азыр министрлик он мектепке “EduPage” сыяктуу Moodle системаны куруп берип жатат. Сентябрда ишке кирери айтылууда. Эгер жакшы иштесе башка мектептерге да иштетип көрөбүз деп жатат. А бизде 2200 мектеп бар. 10 мектеп 1% да эмес. Ушундай системаны бардык мектептерге иштеп чыгыш керек эле. Андан кийин мугалимдер үйрөнүүнүн натыйжасын, методикасын, тапшырмаларды, баалоо системасын кайрадан карап чыгуулары керек. Китептерди, окутуу материалдарын санариптештириш керек. Жай айларында онлайн ресурстарды, ата-энелерди да окутуудан өткөрүү керек эле. Ата-энелер ошол окутуу платформалар менен балдарына кандай жардам берет, кандай мамиле кылат, онлайн окутууга кандай шарт түзүп берет, жетиштүү каражаттары барбы мына ушулар такталышы керек эле.

Сиздин пикириңизде сапаттуу онлайн окутуу үчүн учурда эмне жетишсиз?

Сапаттуу онлайн окутуу болуш үчүн интернет байланышы жакшы болушу керек. Айылдарда интернет байланышы начар. Телефон тартпаган айылдар бар. Жай мезгилинде Кыргызстандагы “Мегаком”, “Билайн” жана “О” компаниялары менен сүйлөшүлүп, интернет байланыш маселеси чечилиши керек эле. Азыр деле кеч эмес. Телефону, компьютери жоктордун тизмесин тактап аларга демөөрчүлүк кылынса жакшы болмок.

Биздин өлкөдөгү мугалимдердин санариптик сабаттуулугун кандай баалоого болот?

Мугалимдер вотсап платформасы аркылуу сабак өтүп жатат. Power Point менен слайд жасаганды, Power Pointко үн, видео кошконду билбеген, экранга кантип сүйлөш керек экендигин билбеген мугалимдер бар. Мугалимдердин санариптик сабаттуулугу төмөн. Word, Google Drive, электрондук почта менен иштегенди билбегендер бар. Булар эң жөнөкөй нерселер. Биз «Онлайн» университеттин алкагында май айынан бери онлайн окутуунун техникалары, усулдары жана онлайн сабак өтүүдө колдонулган платформалардын техникалары боюнча вебинарларды  өткөрдүк. Экзаменде онлайн сынактарды кантип уюштуруш керектиги боюнча тренингдерди өттүк. Бардык видео жазууларды ютуб каналдан тапса болот. Азыркы учурда онлайн окутуу усулдары боюнча жайкы мектепти баштадык. Анда мугалимдер кантип акысыз түрдө видео сабактарды даярдап, графика, визуализацияны колдонууну үйрөнүшөт.  

«Онлайн» университеттин миссиясын айта кетсеңиз?

«Онлайн» университети катталып, университет катары документибизди алдык. Азыр “Педогогика”, “Санариптик педогогика” деген темаларда магистрдик программаларды ачууну пландап жатабыз. Сабактар англис жана кыргыз тилинде болот. Билим берүү министрлиги менен меморандумга кол коюп жатабыз. 25-августтан 31-августка чейин Кыргызстандагы мугалимдерге онлайн окутуу усулдарын үйрөтөбүз. Мугалимдердин экранга сүйлөө маданиятын, санариптик сабаттуулугун, презентация жасоо, сабак өтүү көндүмдөрүн жогорулатабыз. Министрликте мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу бөлүмү бар. Алар менен дагы сентябрдан баштап иштешебиз. «Онлайн» университетинин максаты Кыргызстанда санариптик педогогиканы өнүктүрүү. Санариптик билим берүү методдорун иштеп чыгуу. Биздин университет пандемия учурунда билим берүүгө салым кошуу максатында ачылды.

Маегиңизге чоң рахмат! Ишиңизге ийгиликтер!

«Онлайн» университетинин ютуб каналындагы баракчасына төмөнкү шилтеме аркылуу кире аласыз

С помощью: Жанара Каденова
Тегтер: билим берүү
Мурунку кабар

Израилде 16 жаштагы кызды 30дай адам зордуктаган

Кийинки кабар

Боронов: Аймактардагы ооруканаларда кошумча орундарды түзүү боюнча иштер жүрүүдө

Окшош жаңылыктарКабарлар

ЖОЖдор салттык окууга азырынча өтпөйт- Билим берүү министрлиги
Жанылыктар

ЖОЖдор салттык окууга азырынча өтпөйт- Билим берүү министрлиги

19.11.2020
3.3k
Дүйнөдө англис тилин мыкты билген өлкөлөрдүн тизмеси. Кыргызстан 96-орунда
Жанылыктар

Дүйнөдө англис тилин мыкты билген өлкөлөрдүн тизмеси. Кыргызстан 96-орунда

19.11.2020
3.3k
Кийинки кабар
Премьер-министр  мекендештерди Курман айт майрамы менен куттуктады

Боронов: Аймактардагы ооруканаларда кошумча орундарды түзүү боюнча иштер жүрүүдө

Добавить комментарий Отменить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

РЕКЕМЕНДУЕМ

Жээнбеков кыргызстандыктарды Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады

Жээнбеков кыргызстандыктарды Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады

6 месяцев мурун
3.3k
БШК кайсы партияларга эскертүү берди? — видео

Бийликтин сапаты үчүн шайлоого катышпаган адамдар да жооптуу

8 месяцев мурун
3.3k
БШК: “Реформа” партиясы ыйгарым укуктуу өкүлүн алмаштырды

БШК: “Реформа” партиясы ыйгарым укуктуу өкүлүн алмаштырды

8 месяцев мурун
3.3k
Трамп Пентагондун башчысын жумуштан алды

Трамп Пентагондун башчысын жумуштан алды

5 месяцев мурун
3.3k

Следите за нами

Партии

  • "Проце-дурный бопорос"
  • COVID-19
  • Аба-ырайы
  • Ак Шумкар
  • Аналитика
  • Ар-Намыс
  • Ата Мекен
  • Бир бол
  • Бүтүн Кыргызстан
  • ВЫБОРЫ
  • Выборы в Казахстане
  • Долбоорлор
  • Дүйнө
  • Жанылыктар
  • Замандаш
  • ИСТОРИЯ ПАРТИИ
  • Кара тизме
  • Коомдук пикир
  • Кыл чайнашкан округдар
  • Кыргызстан
  • Мекеним Кыргызстан
  • Окуялар
  • Республика
  • Саясат
  • Сурамжылоо
  • Шайлоо
  • Шайлоого даярдык

ТЕМЫ

АКШ (35) БШК (10) Байден (18) Биримдик (2) Бишкек (1) Борбор Азия (54) Германия (9) Жумабеков (1) Жээнбеков (12) Исмаилова (1) Казакстан (2) Кембриж (2) Кыргызстан (101) Кытай (7) Лукашенко (2) Навальный (5) Обама (5) Орусия (30) Отунбаева (2) Трамп (17) Түркия (10) Улуу Британия (5) Франция (7) адабият (2) билим берүү (48) вакцина (4) денсоолук (4) иш сапар (1) коронавирус (103) куш тумоосу (3) кызык (3) кызыктар (6) кылмыш (24) кырсык (25) мектеп (1) митинг (21) окуучу (1) оппозиция (14) президент (36) спорт (17) топ (2) транспорт (1) чоң казат (2) шайлоо (216) үй -бүлө (2)
2020

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жакыңкы шайлоо 2020-жылы өтөт. Бул ирет парламенттин 7-чакырылышынын депутаттары жалпы элдик добуш берүү аркылуу шайланмакчы.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык парламент 120 депутаттан турат, алар партиялык тизме аркылуу тандалат.

Биздин соц тармактарга жазылыңыз:

  • Биз тууралу
  • Жарнама
  • Байланыш

2020—KG © 2019 Сайтты иштеп чыккан Каймак Дижитал.

Ничего не найдено
Посмотреть все результаты
  • Партиялар
    • Азаттык
    • Ак Шумкар
    • Ар-Намыс
    • Ата Мекен
    • Бир бол
    • Бүтүн Кыргызстан
    • Замандаш
    • Кыргызстан
    • Мекен Ынтымагы
    • Өнүгүү-прогресс
    • Республика — Ата Журт
    • Улуу Кыргызстан
    • Эмгек
    • СДПК
  • Долбоорлор
    • ВЫБОРЫ
    • Аналитика
    • Добуш беруу
    • Кара тизме
    • Коомдук пикир
    • Саясат
    • Кыл чайнашкан округдар
    • Окуялар
    • Партиялык турмуш
  • Рейтинг
  • Сурамжылоо
  • Кыргызстан
    • Президент
    • Мыйзам

2020—KG © 2019 Сайтты иштеп чыккан Каймак Дижитал.

Войдите в свой аккаунт ниже

Забыли пароль?

Заполните формы ниже, чтобы зарегистрироваться

Все поля обязательны для заполнения. Войти

Восстановите ваш пароль

Пожалуйста, введите ваше имя пользователя или адрес электронной почты, чтобы сбросить пароль.

Войти